Өзгөндө менчикке өтүп кеткен 3 млн сомдук жер айыл өкмөткө кайтарылды

Өзгөндө менчикке өтүп кеткен 3 млн сомдук жер айыл өкмөткө кайтарылды

Беш жыл мурун жеке менчикке өтүп кеткен Өзгөн районундагы 3 млн 250 миң сомдук жер муниципалдык менчикке кайтарылды. Башкы прокуратурдан билдиргендей, жерди кайтарып  алуу үчүн райондук прокуратура Жогорку Сотко өтүнүч келтирген.

Билдирүүдө айтылгандай,  сөз болуп жаткан 1,5 га жер тилкеси 2015-жылы Өзгөн райондук сотунун  мыйзамсыз чечими менен Х.М. аттуу жарандын менчиги деп табылган. Ага чейин жер Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде болгон.

Соттук кароолордун жыйынтыгы менен жерди муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча келтирилген сунуш жана доо арыздар толугу менен канааттандырылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>