Өзгөн районунун Мырзаке айылында Lexus ES300 үлгүсүндөгү автоунаа бакты сүзүп, 7 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кырсык 3-февралда саат 03:30 чамасында болгон.
«Унаанын айдоочусу рулду башкара албай калган. Кырсыктан кийин унаадан өрт чыгып, окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жана милиция кызматкерлери келген. Өрт өчүрүлгөндө унаанын ичинен 7 адамдын жансыз денелери табылган. Учурда алардын аты жөндөрү такталууда”, — деп айтылат маалыматта.