Өзгөндө жашы жете элек кызын зордуктаган киши кармалды

Өзгөндө жашы жете элек кызын зордуктаган киши кармалды

Ош облусунун Өзгөн районунда 17 жаштагы кызды өз атасы зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17 жаштагы кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылып, кызын өз атасы зордуктаган деп билдирген.

Алгачкы медициналык экспертизанын жыйынтыгында, кыз зордукталбаганы аныкталган. Бирок жабырлануучу тарап буга макул болбогондуктан, кайра экспертиза дайындалган. Ошондой эле арыз жазган эне менен кызына карата психикалык экспертиза дайындалган.

Шектүү катары атасы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүн, 23-апрелде анын баш коргоо чарасы каралары айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>