Өзгөнгө Зулушевдин өкүл баласы аким болгонбу? Башкы прокурордун жообу

Өзгөнгө Зулушевдин өкүл баласы аким болгонбу? Башкы прокурордун жообу

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун Ош шаарында эл менен жолугушуусунда Өзгөн районунан келгенин айткан адам башкы прокурор Курманбек Зулушевдин өкүл баласы районго аким болгонун айтып нааразылыгын билдирген. 

Бүгүн маалымат жыйын өткөргөн башкы прокурор аталган маалыматтын калп экендигин айтты.

“Өзгөн районунун акими Руслан Мематкулов менин өкүл балам эмес. Ал өзү дагы айтып чыгыптыр бул боюнча. Журналисттердин колу узун, блогерлер бар. Өзгөндүн акимине чалып сурап, ким өкүл атасы, жана башканын баарын билсеңер болот.  Өкүл баласын кызматка койду, мен кызматка барат элем деп өлкө башчысы менен жолугушууда айтып жатышат. Бул эми акыркы 20 жылда өнөкөткө айланган нерсе. Эптеп кызматка жетип, андан кеткенде жашоосу бүткөндөй мамиле кылгандар бар экен”, — деди башкы прокурор.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>