Бишкектеги №1 бейтапканада 55 жаштагы аял экстенбензатин дарысын алгандан кийин көз жумду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги ырастады.
Ага булчуңдан ийне сайышкандан кийин 2-3 мүнөт өтпөй башы айланып баштаган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин айтымында, аялга жардам көрсөтүлгөнүнө карабай каза болуп калды.
«Аталган дарыны дарыгер дайындаган. Аны бейтап буга чейин дагы алган”, — дейт министрлик.
Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматында, өткөн аптада (18-декабрдан 24-декабрга чейин) сасык тумоо жана башка вирустук илдеттер менен ооруган жарандардын саны 40,2 пайызга көбөйүп, 16 миң учур катталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз