Site icon Reporter.kg

№1 тергөө абагында отурган кримтөбөлдөр Досонов жана Шүкүров сабалганы белгилүү болду

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов жана кримчөйрөнүн дагы бир өкүлү Данияр Шүкүров сабалганы белгилүү болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, алар 20-декабрда №1 тергөө абагында тинтүү болгондо абактын кызматкерлери тарабынан сабалган.

Белгилей кетсек, буга чейин Акыйкатчы институту алардын кызматкерлери 23-декабрда тергөө абагына барганы, камакта отурган эки киши К.Д. жана Д.Ш. абактын кызматкерлери тарабынан дубинка менен сабалып, ур-тепкиге кабылганын билдиргени, ал боюнча акыйкатчыга арыз менен кайрылганын кабарлаган. Алардын денелеринде ур-токмоктун белгилери — шишиктер жана көгала тактар бар экени аныкталган. Аталган эки адамдын инициалдары Кадыр Досонов менен Данияр Шүкүровдун аттарына туура келет.

№1 тергөө абагында отургандарга карата күч колдонулуп, жактоочулар менен жолугууга уруксат берилбегени үчүн 20дан ашык киши 20-декабрдан тарта ачкачылык кармап жатканы айтылган.

Буга чейин Жазаларды аткаруу кызматы абакта отурган жарандардын сабалганы, аларга катаал мамиле жасалганы тууралуу маалыматты төгүндөп, калп экенин билдирген.

Эскерте кетсек, Кадыр Досонов 2023-жылдын башында Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн өлтүрүлүшү боюнча айыпталып, быйыл ноябрда ал 20 жылга абакка кесилген.

№1 тергөө абагын караган киши катары айтылган Данияр Шүкүров маркум кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча 18 жылга эркинен ажыратылган.

Абактагылар ур-тепкиге кабылганы үчүн ачкачылык жарыялаганы айтылды. ЖАК эмне дейт?

 

Exit mobile version