№14 абагындагы төрт окуучу жарандык паспорт алышты — сүрөт

№14 абагындагы төрт окуучу жарандык паспорт алышты — сүрөт

Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айылындагы №14 мекемесинде 4 окуучуга ID карталар тапшырылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул иш мекеменин коомдук кызматкери, ички иштер кызматынын лейтенанты Жунушпаева Халима Жакшыбековнанын демилгесинин жана өжөрлүгүнүн аркасында ишке ашырылды.

Жеке күбөлүктөр өкмөттүн 2019-жылдын 27-декабрындагы №716 токтомуна ылайык алынган.

Эске салсак, бул токтом дагы бир жолу жаза аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдарга, ошондой эле шектүү жана айыпкер катары камакка алынган 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргызстандын жаранынын паспортун каттоого жана берүүгө документтерди кабыл алууну жөнгө салууга багытталган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: паспорт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>