№19 абактан аскер каза тапты

№19 абактан аскер каза тапты

Чүй облусунун Жаңы-Жер айылындагы №19 абакта аскер кызматкери каза тапканын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 17-сентябрь күнү болгон. Аскер кызматкери контракттык негизде иштеп жаткан. Учурда аскер прокуратурасы карап жатат.

Тергөө соңуна чыккандан кийин гана толук маалымат таратылаарын кошумчалашты.

Анын өлүмүнүн себептери ачыктала элек. Айрым маалыматтар боюнча ок атылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>