№2 аялдар абагында эстрада ырчылары концерт коюшту

№2 аялдар абагында эстрада ырчылары концерт коюшту

Аламүдүн районунун Степное айылындагы №2 аялдар абагында эстрада ырчылары соттолгондор үчүн концерт уюштурушту. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын базма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара президенттин 2021-жылдын 24-июлунда кабыл алынган “Кыргызстанда 2021-2026-жылдарга карата инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы” Жарлыгына ылайык өттү.

Ал эми бул мамлекеттик программага ылайык, ЖАК ар кандай иш-чаралардын кеңири планын иштеп чыккан. Анын алкагында ЖАКтын тарбиялык, социалдык жана психологиялык иштер башкармалыгы активдүү ишин улантууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: концерт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>