№3 Үй-бүлөлүк медицина борборундагы жетекчилердин биринен коронавирус чыкты

№3 Үй-бүлөлүк медицина борборундагы жетекчилердин биринен коронавирус чыкты

Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунда жетекчи кызматта иштеген бир адамдан коронавирус чакты. Бул тууралуу “Репортерго” өздүк булактар кабарлады.

“Кечээ бардык кызматкерлерден анализ алынган болчу. Бүгүн жетекчилик кызматта иштеген аялдан коронавирус аныкталды. Учурда аны ооруканага алып кетишти. Дагы 3 медицина кызматкери  коронавируска күмөн саналууда”, — деди өздүк булак.

Маалымат булагыбыз кошумчалагандай,  №3 Үй-бүлөлүк медицина борбору убактылуу жабылып, тазалоо иштери башталган.

Азырынча Республикалык штаб  №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунан коронавирус чыккандыгы тууралуу маалымат тарата элек.

Буга чейин Бишкектеги №17 Үй-бүлөлүк медицина борборундагы кызматкерлерден коронавирус чыгып, мекеме жабылган болчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>