№50 СИЗОго мыйзамсыз посылка өткөрөм деген жаран кармалды

№50 СИЗОго мыйзамсыз посылка өткөрөм деген жаран кармалды

Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 мекемесине сырдуу таңгактарды өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-майда саат 21:20 чамасында №50 мекемесинин батыш тарабынан аймакка скотч жана зым менен оролгон таңгакты ыргытууну көздөгөн  А.Р.М. аттуу жаран кармалган. Мыйзамсыз посылканы ачууда жалпы салмагы 127 граммды түзгөн кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган.

Бул факты Ысык-Ата райондук ИИБдин ОИИБде катталган. Кармалган жаран А.Р.М. жана чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн аймактык милиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары, №50 мекеменин ыкчам кызматкерлери тарабынан бир катар иш-чаралар жүргүзүлүп, жыйынтыгында соттолгондордун ичинен тыюу салынган буюмдарды алдырууну көздөгөн кардар аныкталып, күнөөсүн мойнуна алган. Аталган факты мекеменин окуяларды каттоо китебине катталып,  тийиштүү чара көрүү  үчүн Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: СИЗО

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>