Бишкекте №61 мектептин директору Юрий Низовский кармалды

Бишкекте №61 мектептин директору Юрий Низовский кармалды

Бишкек шаарындагы №61 мектептин директору Юрий Низовский УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу окуучулардын ата-энелери билдиришти. Ал эми УКМК Reporter.kg′ге маалыматты текшерип жатканын маалымдады.

Андагы маалыматтарга караганда, директор кечке жуук кармалган.

«УКМКнын алты жигити келип, алып кетишкен. Сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынган. Анын кеңсесин тинтип, мөөр басышты. Юрий Низовскийдин жубайынын айтымында, алардын батири да тинтилип жатат», — деди ата-энелердин бири.

Бишкек мэриясы №61 мектептин директорунун иш бөлмөсү мөөр басылганын тастыктады. Алар кошумча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Эске салсак, президенттин жарлыгына ылайык, жаңы окуу жылынын башталышына карата 966 мектепте директорлор алмашышы керек, анткени алар 5 жылдан ашык иштеген. Алар жаңы жетекчилер дайындалганга чейин өз милдеттерин аткара беришет. Сынак Таласта башталып, жети катышуучунун алтоо белгиленген босогодон өтө алган жок.

61-мектептин директору Юрий Низовский бул процессти кемсинтүү деп эсептеп, сынакка катышуудан баш тарткан болчу.

Буга чейин нааразылык акциясына Билим берүү тармагын коргоо ата-энелер коомдук кыймылынын мүчөлөрү катышкан. Билим берүү жана илим министрлигинин имаратынын жанына колдорунда плакаттар менен 40ка жакын адам чогулган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>