№8 абагына тыюу салынган суюктук өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды

№8 абагына тыюу салынган суюктук өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды

Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылында жайгашкан №8 мекеменин аймагына тыюу салынган нерсени өткөрүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-май күнү саат 16:30дар №8 мекеменин тосмолорунун жанына 2000-жылы туулган А.К.А аттуу жаран кармалган.

Мекеменин кызматкерлери өздөрү кайтарып жаткан түзөтүү мекемесинин аймагына тыюу салынган буюмдарды өткөрбөй кармап калышты. Анын “Ауди” үлгүсүндөгү унаасын текшерүү учурунда 9,05 литр суюктук куюлган идиштер табылган, анын так курамын аныктоо үчүн тийиштүү адистерге жөнөтүлдү. Аталган факты боюнча оперативдүү бөлүм тарабынан тиешелүү документтер топтолуп, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү”, — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: абак

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>