1-апрелден тарта Кыргызстанда документтер кагаз түрүндө талап кылынбайт. Тизме

1-апрелден тарта Кыргызстанда документтер кагаз түрүндө талап кылынбайт. Тизме

1-апрелден тарта физикалык жана юридикалык жактардан кагаз түрүндөгү маалымкаттарды же документтерди суроо процедурасы жоюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул иш президенттин калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча жарлыгынын негизинде ишке ашып жатат.

Тийиштүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Документке ылайык, төмөнкүлөрдү камсыздоо тапшырылды:

— мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда сервистердин иштөөсүн жана маалымат алмашуусун камсыздоо;

— Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандары, талап кылынган жерге кайрылган учурда, маалым каттарды жана/же документтерди кагаз түрүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине берилүүсү;

— Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген өз ыйгарым укуктарынын жана компетенциясынын чегинде жеке маалыматтар менен иштөөнүн укуктук негиздери болгон бөлүктөрдө «Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сакталышын камсыздоо.

Төмөндө шилтеме боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө берилчү маалым каттардын жана/же документтердин тизмеси сунушталат.

тиркеме.doc

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>