Site icon Reporter.kg

1-августтан тарта мамкызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт

 1-августтан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы жогорулайт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Быйыл айлыгы көтөрүлбөй калган кызматкерлердин баарынын маянасын көбөйтүү пландалган. Бул багытта өкмөт 9,6 миллиард сом даярдап жатат”-деди.

Ошондой эле Жапаров 2023-жылдын 1-январынан баштап укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлыгына акча кошуларын убадалады.

Exit mobile version