1-июлда «Ала-Тоо» аянтында «Чек талап кылып – байге утуп ал!» лотереясы өткөндүгүнө байланыштуу Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат.
Мэриядан билдиришкендей, саат 18.00дөн 00.00гө чейин Чүй проспектисинин Панфиловдон Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
“Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана маршрутуңузду алдын ала пландаштырып алууну суранабыз”, — деп билдирет мэрия.
Белгилей кетсек, «Чек талап кылып – байге утуп ал!» лотереясында 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз