Site icon Reporter.kg

1-июлда Кыргызстанда коронавирустан 5 адам каза болду

Өткөн сутка ичинде 5 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Алар төмөнкү аймактарда:

Республикалык клиникалык ооруканасында – 2 (57 жаштагы эркек киши, 67 жаштагы эркек киши);

 Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан – 1 (60 жаштагы эркек киши);

 Москва аймактык ооруканасынан – 1 (70 жаштагы эркек киши);

 Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (72 жаштагы аял киши). 

 

Муну менен жалпы каза болгондордун саны 62 кишини түздү.

Exit mobile version