Бишкек шаарында коомдук муниципалдык транспорттор 2022-жылдын 1-июлунан тарта жол кире акысын акчалай албайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 1-июлдан тарта “Тулпар” толугу менен ишке кирет.
Жүргүнчүлөргө сунушталган жолдор:
— 3 категориядагы (стандарт, мектеп окуучулары үчүн, жеңилдетилген) “Тулпар” транспорттук картасын пайдалануу;
— Кыргызстандагы бардык банктардын VISA жана ЭЛКАРТ карталары;
— NFC виртуалдык картасы;
— “Тулпар” жана “Balance” тиркемелериндеги QR сканирлөө;
— “Тулпар” тиркемелеринде транспорттун кодун көрсөтүү.