1 күндө 10 адам каза тапты! Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны 76га жетти

1 күндө 10 адам каза тапты! Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны 76га жетти

Өткөн сутка ичинде 10 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты. 

Каза болгон адамдар төмөнкү аймактарда:

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (аял, 58 жашта);
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан — 1 (эркек, 54 жашта);
Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 (59 жаштагы аял киши, медкызматкер);
Ош шаарынын клиникалык ооруканасынан — 1 (аял, 33 жашта);
Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынан – 1 (33 жаштагы эркек киши);
Ысык-Ата аймактык ооруканасынан – 5 бейтап (3 эркек – 64,66,80 жашта; 2 аял – 62,63 жашта).

Жалпы каза болгондордун саны 76 кишини түздү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>