Site icon Reporter.kg

1-сентябрдан тарта кайсы класстын окуучулары мектепке барып окуйт? Расмий жооп

1-сентябрдан тарта 1-класттын гана окуучулары мектепке барып окуйт. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта брифинг учурунда Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жалпы гигиена боюнча дарыгери Мария Кушубакова билдирди.

«Өкмөт учурдагы кырдаалды эске алып, кадимки тартипте биринчи класстын окуучуларын гана окутуп баштоону чечти. Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектептер үчүн алгоритм иштеп чыктык», — деди Кушубакова.

Талаптар жана сунуштамалар:

— Ар бир класста окуучулардын саны азайтылышы керек, эгерде класста 25-30 окуучу болсо, аларды эки топко бөлүп, шахматтык тартипте отургузуу зарыл.

— Мектептердин мүдүрлөрү санитардык талаптардын аткарылышына жана дезинфекциялоо иштерине жооптуу.

— Балдар беткап тагынып, атайын кол аарчыларды жана антисептиктерди пайдаланышы керек, аларды ата-энеси камсыздоого тийиш.

— Мектептер дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалышы керек.

— Ата-энелерге балдарын өздөрү алып келип, алып кетүүсү сунушталат.

— Аралыкты сактоо үчүн мектептерде эки чыгуу/кирүү эшиги болушу зарыл.

— Санитардык ченемдерди жана тийиштүү шарттарды сактоо үчүн мектептерде суу менен камсыздалуу, канализация жана жылытуу сезонуна даярдыгы болушу керек.

Exit mobile version