Site icon Reporter.kg

1-январдан тарта окуучулардын ысык тамагына бөлүнгөн акча көбөйөт

1-январдан тарта окуучулардын ысык тамагына бөлүнгөн акча көбөйөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.

Анын айтымында, мектептердин тамак-ашын каржылоо этабы менен ишке ашат.

«Дароо эле 20 сомго жеткире албайбыз. Андан азыраак болуп калышы мүмкүн. Азыр так суммасын айта албайм», — деди аткаминер.

Белгилей кетсек, мектептерде башталгыч класстардын окуучуларынын бир маал берилүүчү ысык тамагына 7 сомдон бөлүнөт. Парламент аны 20 сомго жеткирүү токтомун кабыл алган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version