Site icon Reporter.kg

10 айда канча бала зордуктоого кабылганы айтылды

Жыл башынан бери жашы жете электер тарабынан 1 миң 320 кылмыш иши жасалган. Бул тууралуу Улуттук статискалык комитет билдирди.

Өспүрүмдөрдүн 48,9 пайызы уурулукка, 16,6 пайызы тоноочулукка шектелет. 10 айда 529 ишти кыскартуу чечими кабыл алынып, 374 иш сотко жөнөтүлгөн.

Ошол эле учурда  кылмыштуу кол салуулардан 1 миң 264 жашы жете электер жабыркаган. Балдарга көбүнчө каракчылар кол салып, тоноп кетишет.

Январь-октябрь аралыгында жабыркаган балдардын 15 пайызы буюмун уурдатса, 11,2 пайызы зордуктоого (138 бала), 6,4 пайызы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге кабылган.

Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында 38 бала каза болгон, ал эми 295 бала денесинен жаракат алышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version