Site icon Reporter.kg

11-июнь: Коронавирус 36 адамдан табылды, 58 адам айыгып чыкты

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 36 адамдан жаңы катталды. Бул тууралуу 11-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Өкмөт үйүндө өткөн онлайн-бирифингде билдирди.

Коронавирус аныкталган аймактактар: Бишкек ш. – 17;
Чүй облусу — 3;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу — 3;
Ош ш. – 2;
Ош облусу — 4;
Жалал-Абад облусу — 3;
Баткен облусу — 1;
Талас облусу — 2.

Жалпысынан 11- июнга карата Кыргызстанда коронавирус 2129 адамга жуккан.

Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 58 бейтап айыгып чыгып, жалпы айыккандардын саны 1630 адамга жетти.

Exit mobile version