Site icon Reporter.kg

10-май: Коронавирус 254 адамдан аныкталып, 5 киши каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 254 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 3493 кишиден ПЧР тест алынган.

Илдет аныктылгандар:

Бишкек шаарында – 195;
Ош шаарында – 3;
Чүй облусунда – 25;
Ош облусунда – 1;
Талас облусунда – 0;
Нарын облусунда – 4;
Ысык-Көл облусунда – 17;
Жалал-Абад облусунда – 9;
Баткен облусунда – 0.

Ошондой эле инфекция 7 медицина кызматкеринен табылган.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 257 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 3, Чүй облусунда 2 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 98 миң 654 адамдан аныкталды. Анын ичинен 91 миң 816 бейтап айыгып, 1 миң 660 киши каза болду.

 

Exit mobile version