Site icon Reporter.kg

10 жылга чейин соттолот. Мал ууруларга жазаны күчөтүү сунушталды

Кыргызстандын Кылмыш жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, мал уурдоо боюнча беренени кошуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Мейкинбек Абдалиев.

Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, бул өзгөртүүлөр өлкөдө, айрыкча, айыл жерлеринде мал уурдоо кылмыштарын болтурбоо же азайтуу максатында демилгеленип жатат. Аталган кодекстерге мал уурдоо кылмышы үчүн жоопкерчиликтин белгилениши, бул түрдөгү кылмыштарды азайтууга шарт түзөт. Кыргызстанда мал чарбачылыгынын өнүгүшү менен бирге, мал уурдоолор да көбөйүүдө.

Документте жазылгандай, Кыргызстанда акыркы ирет кабыл алынган Кылмыш кодекстеринде (2017 жана 2021-жылдагы) «мал уурдоо» беренеси жок. Бирок ал кылмыштын ушул түрү үчүн кылмыш жоопкерчилиги жок дегенди билдирбейт.

Атап айтканда, Кылмыш кодексинин ченемдерине ылайык, ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен уурулук жасоо, башкача айтканда 10 миң сомдон ашкан кылмыштар үчүн (Кылмыш кодексинин 205-беренеси) кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуучу жосун катары квалификацияланат, ал эми анча чоң эмес зыян келтирген жосун (10 миң сомго чейин) Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык (271-273-беренелеринде каралган) жоопкерчиликке тартылат.

«Аймактарга барып айыл тургундары менен жолугушууларда, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен сүйлөшүүдө белгилүү болгондой, Кылмыш кодексинде «мал уурдоо» беренесинин жоктугу уурулардын ушундай мүнөздөгү кылмыштарга түртөт. Малдарды айдап башка райондорго, областтарга, ал тургай жакынкы чет өлкөлөргө айдап кеткен учурлар да кездешет. Мал уурулук кылмышын болтурбоо жана мындай кылмыштардын санын азайтуу максатында ушул мыйзам долбоору иштелип чыкты», — деп айтылат документте.

Бул мыйзам долбооруна ылайык, Кылмыш кодексине «мал уурдоо» 205-берененин бир бөлүгү (уурдоо) катары киргизилип, ал үчүн өзүнчө жаза каралган:

205⸣-берене. Мал уурдоо

  1. Мал уурдоо, башкача айтканда олуттуу эмес өлчөмдө бирөөнүн малын жашыруун уурдоо, —

400дөн 1000 эсептик  көрсөткүчтөргө (40 миңден 100 миң сомго) чейин айып салууга, же сексенден эки жүз саатка чейин коомдук иштерге тартууга жазаланат.

  1. Олуттуу өлчөмдө жасалган мал уурдоо, —

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө (50 миңден 100 миң сомго) чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Мал уурулук:

1) ири өлчөмдө;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) турак-жайдын, ишкананын, уюмдун, мекеменин короосуна же мал короого, мал камалган тосмого кирүү менен жасалганда;

2000ден 4000 эсептик көрсөткүчтөргө (200 миңден 400 миң сомго) чейин айып салууга же беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Ушул берененин 2 же 3-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган мал уурдоолор:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) уюшкан топ тарабынан;

3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, —

мүлкүн конфискациялоо менен алты жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version