Site icon Reporter.kg

“10 жылга камалып кетебиз”. Бейөкмөтчүлөр Нарматованын долбоорун артка кайтарууну суранат

Аймактарда иш алып барган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү парламент депутаты Надира Нарматова демилгелеп жаткан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун артка кайтарып алууну суранат. Бул тууралуу бүгүнкү Жогорку Кеңеште өткөн коомдук угууда айтылды.

“Интербилим  Ош” уюмунун жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева долбоордун кесепеттерин эскертип өттү.

“Долбоор боюнча мен эле эмес, менден кеңеш алгандар  дагы жоопко тартылып, камалып калат. Биз элдерге компьютер, коляска беребиз, алар дагы биз менен кызматташкан адам болуп калат. 5-10 жылга эркинен ажыратып, же адам өлтүрүүгө теңеп жатышат”, — дейт укук коргоочу.

Гүлгакы Мамасалиев бейөкмөтчүлөр элдин үнүн бийликке жеткирип, ортодо көпүрө болуп жатканын айтты.

“Менин социалдык тармактагы кайрылуу, маалыматтарымдан кийин парламенттин депутаттарынын жардамы менен айрым маселелер чечилип жатат. Биз элди козутпай, кайра аларга көйгөйдү чечүүнүн мыйзамдуу жолдорун көрсөтүп, нараазычылыкты басып олтурабыз”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, депутат Надира Нарматова демилгелеген мыйзам долбоор парламентте биринчи окуу режиминде каралып жатат. Анда төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталууда:

«Чет элдик өкүл». Мамлекеттик органдар концепциясын колдойт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version