Site icon Reporter.kg

100 миң сом пара алып жеринен салыкчы кармалды

Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, ал ишкерден 650 миң сом салык карызын жашыргандыгы үчүн акча талап кылган.
Салыкчы акча алып жаткан жеринен кармалып, тергөө абагына киргизилди.
Exit mobile version