Site icon Reporter.kg

«100 миң сом таап келесиң». Жалал-Абадда акча опузалоого шектүүлөр кармалды (видео)

Жалал-Абад облусунда акча опузалоого шектелген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, быйыл 28-февралда 2 жаран 27 жаштагы тургунду Hyundai Solaris унаасына салып, «сен үйгө уурулукка киргенсиң, бизге 100 миң сом таап келесиң» деп ур-токмокко алып, акча опузалаган. Бул окуядан кийин облус тургуну милицияга арыз менен кайрылган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция билдиргендей, алар эртеси күнү, 29-февралда опузалаган акчанын бир бөлүгүн — 15 миң сомду алып жатканда 33 жаштагы Ю.Ф., 30 жаштагы А.А., И.В. жана 29 жаштагы И.И. аттуу жарандарды кармаган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Exit mobile version