Site icon Reporter.kg

11 ай ичинде Биринчи Май районунун аймагында 872 митинг болгон

Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Бишкектин Биринчи Май районунун аймагында 872 митинг болгон. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Биринчи Май районунун аймагында жыл башынан бери 1 миң 74 кылмыш жана жорук катталган. Алардын 630у ачыкка чыкты, 444ү ачыкка чыга элек», — деп жазат басма сөз кызматы.

Мындай билдирүү Биринчи май РИИБи облустук акимчиликте өткөн отчеттук жыйында айтылды.

«Белгилей кетсек, Биринчи Май районунда №5, 19 милиция бөлүмдөрү иштеп, 77 милиция кызматкери жана 25 жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор кызмат өтөшүүдө», — деп билдирет мэрия.

Exit mobile version