11-апрелден тарта бардык район, шаарларда жергиликтүү бийлик элдер менен жолугушуу өткөрөт. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Урматтуу кыргызстандыктар!
11-апрелден баштап бардык район, шаарларда жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугушуулар өтөт. Жолугушууга барып, көйгөйлүү маселелериңерди жеринде чечип алсаңыздар болот”- деп жазган.
Ошондой эле алардын жолугу графигин жарыялады.