11 күндөн бери дайынсыз болгон 30 жаштагы Барнохан изделүүдө

11 күндөн бери дайынсыз болгон 30 жаштагы Барнохан изделүүдө

Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Жар-Кыштак айылынын тургуну 1990-жылы туулган Махмутжан кызы Барнохан дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Барнохан 21-мартта саат 16:00 чамасында өзү жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Учурда Махмутжан кызы Барнохандын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 см, өңү кара тору, кашы, көзү, чачы кара, 2-топтогу майып.

Кийген кийимдери: Көк түстөгү узун халат, күрөң түстөгү кемзир, кара шым, бутунда галош болгон.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Махмутжан кызы Барнохан тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, анда тезинен кабарлап коюуну өтүнөт: Тел.: 102, (03748) 5 02 09, 0773 07 77 77, 0558 84 48 50.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>