Site icon Reporter.kg

Бишкектин тургуну 11 жашар уулу унаа айдаганы үчүн айыпка жыгылды

Бишкек ШИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Бишкек шаарынын тургуну А.Н.га 11 жаштагы уулуна унаа башкарууга уруксат бергени үчүн 15 миң сом айып салды.

ЖККБдан маалымдашкандай, 14-июлда А.Н. уулунун “Тойота Камри” унаасын айдап бараткан видеосун жарыялаган.

Бул видеодон кийин унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Унаанын ээсине протокол түзүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version