Site icon Reporter.kg

11 журналисттин иши: Прокурор алардын ар бирин 6 жылга абакка кесүүнү суранды

Прокурор «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» айыпталып жаткан 11 журналисттин ар бирин 6 жылга абакка кесүүнү суранды. Бул тууралуу «Кылым шамы» коомдук фондунан билдиришти.

Бүгүн, 26-сентябрда Бишкектеги Ленин райондук сотунда журналисттердин иши боюнча процесс уланган. Отурумда журналисттердин материалдары боюнча экспертиза жасаган көз карандысыз эксперт Н. Нарынбаева көрсөтмө бермек. Бирок ал келбегендиктен, тараптар жарыш сөзгө өткөн.

Жарыш сөздө прокурор А.Убукеев айыптоо сөзүн сүйлөп, 11 журналисттин ар бирин 6 жылга эркиндигинен ажыратууну суранган.

Ал эми жактоочулар журналисттерге тагылып жаткан айыптар негизсиз экенин, алар өзүнүн кесиптик ишин гана аткарганын, кылмыш жасабаганын белгилеп, соттон ишти мыйзамга ылайык кароого чакырган.

Жарыш сөздөн кийин отурум аяктап, кийинки процесс 3-октябрга саат 09:40 дайындалды. Анда айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөп, сот өкүм чыгарат.

Эскерте кетсек, быйыл 16-январда ИИМдин кызматкерлери Temirov Live’да мурда-кийин иштеген кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, андан кийин суракка алып кеткен. Ошол эле күнү 11 журналист 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. 17-январда Биринчи май райондук сот журналисттерди тергөө абагына 2 айга камоо тууралуу чечим чыгарган.

Милиция 11 журналистке тең «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» айыбын койгон.

Temirov Live’да иштегендер:

1. Азамат Ишенбеков («Айт айт десе» долбоорундагы акын, журналист)
2. Сапар Акунбеков (журналист, «Айт айт десе»)
3. Махабат Тажибек кызы (Болот Темировдун жубайы жана Temirov Live’дын директору)
4. Айке Бейшекеева (журналист, Temirov Live)
5. Акыл Орозбеков (оператор)

Temirov Live’да мурда иштегендер:

6. Тыныстан Асыпбек (журналист, «ПолитКлиника»)
7. Актилек Капаров (журналист, «Алга Медиа»)
8. Жоодар Бузумов (журналист, «Нур пресс»)
9. Сайпидин Султаналиев (журналист, «Арча Медиа»)
10. Максат Тажибек уулу (мурда оператор болгон, азыр журналистикада иштебейт)
11. Жумабек Турдалиев

Кармалгандардын баары бийликтеги адамдар, күмөндүү схемалар тууралуу иликтөөлөрдү чыгарып, бийликке ачуу сын айтып келгени менен белгилүү.

Тергөө аяктагандан кийин иш Ленин райондук сотуна жөнөтүлгөн.

11 журналисттин жетөө үй камагына чыгарылган. Актилек Капаров, Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева 8 айдан бери камакта отурат.

Exit mobile version