Site icon Reporter.kg

Бишкек: Айрым электрондук урналар иштебей жатат

Бишкек шаарында 1225 шайлоо тилкесинде бюллетен сала турган урна жакшы иштебей жатат. Бул туурасында Reporter.kg′нин кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, аталган шайлоо тилкесинде электрондук урна бирде иштеп, бирде иштебей калып жатат. Бир канча жолу аракет кылып араңдан зорго добуш кагазы салынууда. Ага шайлоочулар нааразы болууда.

Exit mobile version