Site icon Reporter.kg

118 даана ноутбук! Аткезчилик менен ташылып бараткан жүк кармалды

Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан аткезчилик жол менен ташылып келген ноутбуктар жана баш кийимдер кармалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, бажычылар тарабынан Баткен облусунун Жаштык айылында Х.Н.Ш аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц спринтер” үлгүсүндөгү унаа  текшерилген.

Текшерген учурда унаанын жүк бөлүгүнөн коңшу өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы баасы 2 754 000 сомдук товарлар табылган.

Ташылып бараткан мыйзасыз жүктөр:

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Exit mobile version