Site icon Reporter.kg

Коронавирус жана пневмониядан 6 адам каза болду  

Соңку суткада 6 адам коронавирустан каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

“COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары, пневмонияны эсепке алганда жалпы 6 адам.  Алар Бишкек шаарында 1, Баткен облусунда 1, Чүй облусунда 1, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1 жана Ысык-Көл облусунда 1 адам”, – деди Акматова. 

Муну Менен Кыргызстанда коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 1484 адамга жетти.

Exit mobile version