Site icon Reporter.kg

12-июль: Кыргызстанда дагы 719 адамга коронавирус жукту

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 719 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууалуу коронавируска күрөшүү үчүн түзүлгөн республикалык штаб 12-июлда маалымдады.

Оору жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында —500 адам. Ош шаарында 37, Чүй облусунда 96, Ош облусунда 20, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 15, Жалал-Абад облусунда 20, Баткен облусунда 34, Талас облусунда алты адамга илдет жуккан.

Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 151 бейтап айыгып, үйүнө чыккан. Ал эми 7 адам каза болгон.

18-марттан 12-июлга чейин өлкөдө жалпы 10625 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 3387 адам илдеттен айыккан. Жалпы бул  оорудан 132 адам каза болгон.

Exit mobile version