12-июнь: Коронавирус 37 адамдан табылды, 38 адам айыгып чыкты

12-июнь: Коронавирус 37 адамдан табылды, 38 адам айыгып чыкты

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 37 адамдан жаңы катталды. Бул тууралуу 12-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Өкмөт үйүндө өткөн онлайн-бирифингде билдирди.

Коронавирус аныкталган аймактактар: Бишкек ш. – 19;
Чүй облусу — 13;
Ош ш. – 1;
Ош облусу — 2;
Баткен облусу — 2.

Жалпысынан 12- июнга карата Кыргызстанда коронавирус 2166 адамга жуккан.

Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 38 бейтап айыгып чыгып, жалпы айыккандардын саны 1668 адамга жетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>