12 жашар кыз менен никеге турган адам үч жылга кесилди

12 жашар кыз менен никеге турган адам  үч жылга кесилди

Тажикстандын Душанбе шаарынын Сино райондук соту 12 жаштагы кыз менен нике кыйган 46 жаштагы Давлатманд Касиров аттуу жергиликтүү тургунду үч жылга эркинен ажыратты.

Сотто кыздын укугун коргогон «Укуктук демилге» коомдук уюмунун адвокаты айыпталуучу «Жашы жете элек кызга карата ыпылас аракеттерди жасоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылганын билдирди.

Касировдун жакындары ал сотто «кыз менен жыныстык катнашка барбаганын», өкүмгө макул эмес экенин айтканын билдиришти. Анын адвокаты өкүм боюнча шаардык сотко даттанып, бирок аны жокко чыгара алган эмес.

Былтыр августта Тажикстандын Ички иштер министрлиги Давлатманд Касиров 12 жаштагы кызды алдап, ата-энесине айтпай диний никеге турганын кабарлаган.

Тажикстандын мыйзамдарына ылайык, кыздар 18 жашка толгондон кийин гана турмушка чыга алышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>