12 жаштагы Данилди урдоого шектелгендерге сот өкүмү чыкты

12 жаштагы Данилди урдоого шектелгендерге сот өкүмү чыкты

Ушул жылдын 11-апрелинде Кант шаарында белгисиз адамдар 12 жаштагы баланы таксиге салып уурдап кетишип, ошол эле күнү Чүй ОИИББинин кызматкерлери тарабынан аман-эсен табылган. Бул факты боюнча шектүү катары Э.Ш. жана В.Р. аттуу жарандар кармалып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Аталган окуя боюнча Ысык-Ата райондук соту чечим чыгарып, шектүүлөр айыптуу деп табылып, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылганын Чүй облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, 11-апрелде саат 8:40 чамасында Кант шаарындагы 2-кичи районунда белгисиз адамдар  12 жаштагы баланы Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасына салып уурдап кетишкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми Данил 11-апрелде саат 21:30 чамасында Чүй ОИИББинин кызматкерлери тарабынан табылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>