Site icon Reporter.kg

12-жылдык билим берүү. Балдар канча жаштан мектепке кабыл алынары чечилди

Кыргызстанда балдар 5,5 жаштан тарта мектепте бара алат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин коомдук талкууга сунуштаган токтомунда айтылат.

Ага ылайык 12-жылдык билим берүүдө 1-класска 6-7 жаштан кабыл алынат. Бирок баланын социалдык, физиологиялык жана псиологиялык даярдыгына жараша жана ата-энелердин калоосу менен балдар 5,5 жаштан тарта мектепке барса болот.

Белгилей кетсек, 12-жылдык билим берүүгө бир нече этап менен өткөрүлөт. Министрлик эмки окуу жыл ичинде окуучулардын даярдыгына жараша класстан класска көчүү болушу мүмкүндүгүн айткан.

Exit mobile version