Бостон марафону 124 жылдан бери биринчи жолу виртуалдык негизде өтөт

Бостон марафону 124 жылдан бери биринчи жолу виртуалдык негизде өтөт

Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу акыркы 124 жылдан бери алгачкы жолу Бостон марафону өтпөйт. Мындай чечимди АКШнын Бостон шаарынын мэри Мартин Уолш кабыл алды.

Иш-чаранын сайтындагы маалыматка караганда, марафон быйыл виртуалдык негизде өтөт. Катышуучулар алты сааттын ичинде 42 чакырым чуркап, видеосун жөнөтүшү керек болот. Алар катышуучунун футболкасын, медаль жана жөө күлүк төш белгисин алышат.

Бостон марафонуна жыл сайын ондогон профессионал спортчу жана 30 миңден ашык ышкыбоздор катышат. Бул иш-чараны бир миллиондон ашык киши көрөт.

Бостон марафону алгачкы жолу 1897-жылы уюштурулуп, 15 катышуучу Эшланд шаарынан Бостонго чейин чуркап барган.

2013-жылы марафон учурунда теракт болуп, үч киши мерт болгон. Дагы 300гө жакын адам жаракат алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>