Site icon Reporter.kg

Ошто акыркы суткада бир адам коронавирустан каза болду

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 41 адамдын анализинен коронавирус аныкталып, бир адам каза болду.

Бул тууралуу 13-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ош шаардык ооруканасынан 52 жаштагы эркек бейтап көз жумду.

Жалпы каза болгондордун саны 27 кишини түздү.

Exit mobile version