Site icon Reporter.kg

13 жаштагы кыздын зордукталышы. Райондук соттун чечими жокко чыгарылса, судьянын жоопкерчилиги каралат

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Шаар айылынын тургуну 8-класстын окуучу кызын ушул эле айылдын эки 28 жаштагы жана 41 жаштагы тургундары күч колдонуп зордукташкан факты кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине  катталган. 

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жаш өспүрүмдү зордуктоо аракеттери жогорудагы жарандар тарабынан өз-өзүнчө, же башкача айтканда, ар кайсы маалда болгондуктан үч жазык иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен жогоруда белгилен үч жаранга карата айыптоо корутундулары бекитилип, негизинен кароо үчүн Тоң райондук сотуна жиберилген.

Мамлекеттик айыптоо 28 жаштагы эки соттолуучуну 15 жылга, ал эми 41 жаштагы тургунду 20 жылга эркиндигинен ажыратууну сураган.

Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбековдун 2020-жылдын 2-жана 11-декабрындагы өкүмдөрү менен 28 жаштагы тургундарынын аракеттеринде кылмыштын курамы жок делип акталышып, сот залынан бошотулушкан. Ал эми 41 жаштагы үчүнчү соттолуучу он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер менен күнөөлүү деп табылып 7 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган.

Учурда үч соттук чечимдин бирөөсү гана толук түрдө райондук прокуратурага түшкөндүктөн, Ысык-Көл облустук сотуна даттануу сунушу келтирилип, калган эки соттук актылар күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын процесстик мыйзамдарына ылайык, соттук актынын мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө жогору турган соттук инстанция тарабынан гана баа берилет.

Эгерде Ысык-Көл облустук соту тарабынан Тоң райондук сотунун чечимдери мыйзамсыз деп табылып жокко чыгарылып, иш боюнча айыптоо мүнөзүндөгү чечим кабыл алына турган болсо, Тоң райондук сотунун судьясынын жоопкерчилигин кароого мүмкүн.

Окуянын чоо-жайы:

Окуя бир жыл мурун башталган. Кыз 7-класстты чоң атасынын үйүндө жашап окуган. Ал учурда ата-энеси тоого мал багып кетишкен.

Кыздын ата-энесинин айтымында, кыздын зордуктагандардын бири мектепте от жагып иштеген киши болсо, экинчиси ошол эле мектепте уста болгон. Кийин 41 жаштагы Урмат аттуу киши кызды Бишкекке алып кетип зордуктап жүргөн.

Маалыматка ылайык, учурда кыз кризис борборлорунун биринде, бир жылдан бери дарыгерлердин кароосунда. Кыз зордуктагандардын бирөөсүнөн боюнан болуп калып, боюнан алдырууга туура келген.

Exit mobile version