Site icon Reporter.kg

14-июль: Кыргызстанда дагы 421 адамга коронавирус жукту

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 421 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 14-июлда өткөн брифингде саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Оору жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында — 176 адам. Ош шаарында 58, Чүй облусунда 87, Ош облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 40, Баткен облусунда 21, Ысык-Көл облусунда 31, Нарын облусунда 1, Талас облусунда бир адамга илдет жуккан.

Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 109 бейтап айыгып, үйүнө чыккан.

18-марттан 14-июлга чейин өлкөдө жалпы 11 миң 538 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 3569 адам илдеттен айыккан.

Exit mobile version