14 күн аралыгында Кытайдан келген чет өлкөлүктөр АКШга кире албайт

14 күн аралыгында Кытайдан келген чет өлкөлүктөр АКШга кире албайт

Соңку 14 күн ичинде Кытайга барып келген чет өлкөлүк жарандар АКШга кире албайт. Бул тууралуу өлкөнүн аба жана деңиз порттору башкармалыгынын директору Рик Коттон маалымдаган.

Ал эми кытайдан кайткан АКШнын жарандары милдеттүү түрдө 14 күн карантинге жаткызылат.

Белгилей кетсек, Буга чейин Кошмо Штаттарда коронавирусту жуктурган 9 учур катталган.

Соңку маалыматтарга караганда, Кытайдын Ухань шаарынан тараган  өпкөнү сезгентүүчү жаңы коронавирустан 304 адам өлүп, 15 миңден ашык адам вирусту жуктуруп алган. Ал эми  25 өлкөдө коронавирустун 100дөн көп учуру катталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>