Кыргызстандын аймагында дагы 21 адамдан коронавирус аныкталып, ооруну жуктургандардын жалпы саны 1082ге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда өткөн брифингде саламаттык сактоо министрлигинин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды: Бишкек ш. – 14;
Чүй облусу — 4, алардын ичинен 2 бейтап Соль-Илецктен келгендер;
Ош ш. — 1;
Жалал-Абад облусу — 4;
Нарын облусу — 15.
Ошондой эле бир сутка ичинде 9 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Ушуну менен коронавирустан айыгып чыккандардын саны 735ге жетти.