Site icon Reporter.kg

14 жаштагы кызды өлтүргөндөр өтө катуу жаза алууга тийиш, — президент

Кадамжайда 14 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүргөн кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармак аркылуу билдирди.

Өлкө башчынын кайрылуусу:

Урматтуу мекендештер!

Баткен облусунун Кадамжай районундагы жаш кыздын мыкаачы зөөкүрлөр тарабынан өмүрүнүн кыйылышы менин да зээнимди кейитти.

Кыргыз эли байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаган, мындай мыкаачылыкка бармак түгүл, кыз балдардын бир тал чачына залал келтирбеген нарктуу эл.

Биздин элдин аялзатына, кыз балага жасаган өзгөчө мамилесинен улам, Кыз Сайкал, Жаңыл мырзадай баатыр кыздарыбыз, Курманжан даткадай акылман энелерибиз чыккан. Жакында эле нарктуулукту сактоо жана жайылтуу тууралуу жарлык кабыл алганыбыз да бекеринен эмес.

Бул коомубузду сырттан кирген жаман адаттардан сактоо үчүн улуттук иденттүүлүгүбүздү калыбына келтирүү максатында алдын ала көрүлгөн аракет болууда.

Урматтуу агайын-туугандар!

Кадамжайдагы мыкаачылыкты баарыбыз жектейли. Жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү. Ар бирибиз коом алдында жоопкечилигибиз бар экенин эстен чыгарбайлы.

Мен Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге уул-кыздарыбызга карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырам.

Кадамжайда жасалган мыкаачылык — кечиримсиз иш. Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш. Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө болот.

Буга чейин Кадамжайда киши колдуу болгон 8-класстын окуучусу мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү маалымдалган. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version