Site icon Reporter.kg

14 жаштагы кыздын өлүмү: Шектүүлөр боюнча милициянын билдирүүсү

Кадамжайда жашы жете элек кызды өлтүрүүгө шектелип кармалган жарандардын ички  иштер органдарына эч кандай тиешеси жок. Бул иштин калыс тергелиши Баткен ОИИБдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө, деп билдирди облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 4-сентябрь күнү саат 15:25 чамасында Кадамжай районундагы сел өтүүчү тюнелдин ичинде  мыкаачылык менен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын  тургуну, 2008-жылы туулган  К.А.нын жансыз денеси табылган. Жашы жете элек кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жогорудагы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Адам өлтүрүү)  менен каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.  Кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургундары 1997-жылы туулган М.Ш., 1995-жылы туулган Г.Д., жана 1998-жылы туулган А.у.С. аттуу  жарандар кармалып убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул факты боюнча учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

«Баарыңыздардан бирден-бир сураныч. Такталган маалыматтарга гана комментарий жазсаңыздар. Айрымдар  жарандар аталган кылмышты жасагандардын арасында милицияны кызматкери бар экен деп да жазып жатышат. Ыйгарым түрдө айтабыз. Кылмышка шектүү кармалгандардын арасында милиция кызматкери жок экенин дагы бир жолу баса белгилейбиз. Тергөөнү ыкчам жана акыйкат тергелишин Баткен ОИИБнын жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кадамжайда киши колдуу болгон 8-класстын окуучусу мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү маалымдалган. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version