Бүгүн, 15-апрель саат 16:40ка карата Бишкек шаарындагы ири май куюучу жайлардын расмий сайттарынын маалыматы боюнча АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы орточо эсеп менен өзгөрүүсүз калды.
Бишкектеги май куюучу жайларда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 63,4 сомду түзөт. Ал эми дизель майынын орточо баасы 63,5 сомду (-0,1 сомго, -0,16%га), суюлтулган газ 33,95 сомду түзүүдө.
АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин эң төмөнкү баасы 63,3 сом, жогорку октандуу АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 66,5 сом. “Газпром нефть” ишканасы АИ-98 үлгүсүндөгү бензиндин литрин 74,5 сомдон сунуштап жатат.
Дизель майынын минималдуу баасы 63,5 сомду түзөт. Суюлтулган мунай газы эки түйүн тарабынан сунушталат:
Bishkek Petroleum — 33,9 сом (Бишкек жана Чүй облусунда үч май куюучу жай)
Газпром нефть — 34,0 сом (Бишкектеги үч май куюучу жай).